Көп берилүүчү суроолор
ПИН деген эмне?
Персоналдык идентификациялык номер – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныктала турган ыйгарым
укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасыные жарандарына, чет элдик жарандарга жана
жарандыгы жок адамдарга бир жолу бериле турган жана бул адамдар тарабынан алардын өмүр бою сактала
турган жекече номери, күбөлөрдүн, жабыр тартуучулардын жана башка кылмыш сот өндүрүшүнүн
катышуучуларынын укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамда каралган учурлардан башка учурларда берилет.
Ал ID-карттын оң жактагы төмөнкү бурчунда көрсөтүлгөн 14 сандуу номер.
“Издөө” эмне үчүн керек?
Кааланган номер белгисин издөө үчүн (номери боюнча же тамгалары боюнча)
Башка номерлер кандай суммага сатылганын көрүүгө мүмкүнбү?
Ооба, мүмкүн болот. “Аякталгандар” басылганда чыга турган терезеден тандап аласыз.
Аукциондорго кантип катышууга болот?
- Онлайн-аукционго кириңиз.
- «Аукциондор» бөлүгүнөн пландаштырылган аукциондор тизмесинен аукционду тандаңыз.
- Тандалган аукционду «Катышуу» баскычын басуунун жардамы менен тастыктаңыз.
- Сиз тараптан тастыкталган аукцион «Менин аукциондорум» бөлүгүнөн жеткиликтүү болуп калат. Бул бөлүмдөн «Төлөө коду» талаасында көрсөтүлгөн маанини табыңыз, аны Сиз кепилдик акы төлөөнү салуу үчүн пайдаланууга тийиш болосуз.
- Аукциондун баштапкы баасынан 10% өлчөмүндө кепилденген акы төлөөнү киргизиңиз.
- Акыны РСК Банктын бөлүмдөрүнөн накталай төлөө керек.
- Кепилденген акы төлөөнү төлөгөндөн кийин Сизге Сиздин кепилденген акы төлөнгөндүгүн тастыктоо жөнүндө маалыматы менен смс-билдирүү келет.
- Сиз катталуу учурунда көрсөткөн телефон номерине Сиз онлайн-аукциондун башталышы тууралуу эки смс-билдирүүнү аласыз: бир күн мурун жана аукционго бир саат калганда.
Кантип катталуу керек?
- «Телефон номери» талаасына Сиздин мобилдик телефонуңуздун номерин (XXX)-XXX-XXX форматында көрсөтүңүз.
- «Паспорттун номери» талаасында Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун (ID карта) сериясын жана номерин ANXXXXXXX форматында көрсөтүңүз.
-
«ПИН» талаасында Сиздин 14 сандуу жеке идентификациялык номериңизди киргизиңиз.
Ийгиликтүү катталган учурда сиз системага кирүү үчүн сыр сөзү менен смс-билдирүүнү аласыз.
Маанилүү! Каттоонун жүрүшүндө көрсөтүлүүчү Сиздин жеке маалыматтарыңыз реалдуу маалыматтар менен дал келишүүгө тийиш.
Азыр болуп жаткан аукционго кошулууга мүмкүнбү?
Жок, утурумдук аукционго кошулууга мүмкүн эмес. Катышуучулар саны кошулбайт
Кирүү сыр сөзүн алмаштырууга болобу?
Ооба. Каттоодон өткөндөн кийин жеке кабинеттен башка сыр сөзгө алмаштырууга мүмкүн болот.
Кепилденген акы төлөөнүн суммасы кандай жана аны кайсы жактан төлөөгө болот?
10 % баштапкы баасынан, РСК банк аркылуу.
Төлөнгөн акы кайтарылып берилеби?
Онлайн-аукциондо жеңип чыга албаган катышуучуларга, төлөнгөн кепилдик акы онлайн-аукцион аяктагандан
кийинки алты жумуш күнү ичинде кайтарылып берилет. Бирок акча каражаттарын кайтаруу, жеке кабинетте катталуу учурунда көрсөтүлгөн мобилдик капчыкка жүргүзүлөт.
Акы төлөө эмне менен тастыкталат?
Аукцион сабындагы жашыл белги менен тастыкталат. Кепилденген акы төлөө жүргүзүлгөндөн кийин Сизге
Сиздин кепилденген акы төлөөңүздү тастыктоо жөнүндө смс-билдирүү келет.
Бир катышуучу бардык аукиондорго катышууга мүмкүн болобу?
Ооба, мүмкүн. Ар бир лот боюнча кепилденген акы төлөөнү жүргүзөт.
Аукцион качан аяктайт?
Акыркы акча кошуу жасалгандан кийинки 5 мүнөттөн кийин аяктайт.
Бишкектин 01 коду менен номер сатып алып, аны аймактардагы өзүнүн каттоосу боюнча каттоого тургузуу мүмкүнбү?
Сертификат боюнча мамлекеттик каттоо номерин каттоодон өткөрүү Транспортту жана айдоочулук курамды
каттоо департаменти жарандын каттоосуна ылайык жүргүзөт.
Сертификатты белекке берүүгө болобу?
Ооба, нотариус аркылуу мүмкүн болот.
Мен акы төлөөнү алдын ала берген болсом, аукциондун башталгандыгы тууралуу мага маалымат беришеби?
Каттоо учурунда Сиз тараптан көрсөтүлгөн телефон номериңизге Сиз онлайн-аукционду башталышы тууралуу
эки смс-билдирүү аласыз: аукцион башталганга чейин бир күн мурун жана бир саат мурун.
Байланыш үзүлүп калган болсо, эмне кылуу керек?
Онлайн-аукцион өтүп жаткан учурга карата Катышуучу интернет байланышты өз алдынча камсыздоого тийиш.
Катышуучу тараптан болгон жана аукциондун өчүп калышына алып келген бузуктуктар үчүн, Сайттын
Администрациясы жоопкерчилик тартпайт. Сайттын онлайн-аукцион маалында бузулуп калгандыгы үчүн,
соодалашуулар кайталанып өткөрүлөт, бул тууралуу катышуучуларга алдын ала билдирүүлөр берилет.
Аукцион өтпөгөн катары кайсы учурда эсептелет?
Онлайн-аукциондун катталган катышуучулары аукцион башталгандан кийинки 3- мүнөт өткөн учурда акча
көтөрүүлөрдү жасашпаса, аукцион өтпөгөн катары эсептелет. Бул учурда онлайн-аукционду өткөрүү күнү
кайрадан белгиленет.
Эгерде аукциондун жеңүүчүсү номер белгиси үчүн белгиленген мөөнөттө акы төлөбөсө эмне болот?
Аукциондун жеңүүчүсү номер белгиси үчүн белгиленген мөөнөттө акча төлөбөй турган болсо, кепилденген
акы төлөө кайтарылып берилбейт, жана жеңүүчү катары эң чоң сумманы белгилеген кийинки катышуучу
таанылат. Бул катышуучуга сунуш менен билдирүү келип түшөт.
Бул катышуучу смс-билдирүүнү алгандан кийинки үч жумуш күнү ичинде 10% кепилденген акы төлөөнү чыгарып салуу менен өзүнүн максималдуу акча суммасын төлөйт. Эгерде бул сумма көрсөтүлгөн убакыт ичинде төлөнбөй турган болсо, онлайн-аукцион өтпөгөн катары таанылат. Бул учурда онлайн-аукционду өткөрүүнүн жаңы күнү аныкталат.
Бул катышуучу смс-билдирүүнү алгандан кийинки үч жумуш күнү ичинде 10% кепилденген акы төлөөнү чыгарып салуу менен өзүнүн максималдуу акча суммасын төлөйт. Эгерде бул сумма көрсөтүлгөн убакыт ичинде төлөнбөй турган болсо, онлайн-аукцион өтпөгөн катары таанылат. Бул учурда онлайн-аукционду өткөрүүнүн жаңы күнү аныкталат.
Эгерде мен жеңүүчү болсом, суммамды каяктан төлөйм?
Эгерде Сиз аукциондун жеңүүчүсү болуп калсаңыз, Сизге үч жумуш күнү ичинде Сертификаттын
баасын төлөө керек болот.
Акы төлөөнү РСК банктын каалагандай бөлүмүнөн жүргүзүүгө болот.
Акы төлөнгөндөн кийин сертификатты алуу үчүн эмне керек?
Сертификатты алуу үчүн акы төлөө тууралуу дүмүрчөктү жана Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун
(ID-картты) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы
«Инфоком» мамлекеттик ишканасынын бөлүмүнө төмөнкү даректер боюнча көрсөтүңүз:
- Бишкек ш., Чохан Валиханов көч., 2а ("Агенттиктин имараты), Бишкек ш., Чолпон-Ата көч., 2 (Аю Гранд комфорттун имараты);
- Ош ш. Ленина көч., 318 (КТБ);
- Баткен ш. Нургазиева көч., 1 (КТБ) Почта имараты;
- Джалал-Абад ш. Барпы Сейил көч., 79Б (КТБ);
- Нарын ш. Ленина көч., 39 (КТБ);
- Талас ш. Сарыгулова көч., 28 (КТБ);
- Каракол ш. Гебзе көч., 124 (КТБ);
- Сокулук айылы Советская көч., 124 ОПВРР имараты;
- Токмок ш. Ленина көч., 375а почта Токмок-2;
- Кызыл-Кыя ш. Маяковского көч., 3 Борбордук почта;
- Өзгөн ш. Ленина көч., 115 ОПВРР имараты.
Аукционду өткөрүү күнү аткарылуучу аракеттердин удаалаштыгы
- «Менин аукциондорум» бөлүмүнөн катталган аукциондор тизмесинен жарыяланган аукционду тандаңыз жана аукциондун башталышын күтүңүз.
- Акча сунуштоону көтөрүү үчүн баштапкы номиналды тандаңыз жана тастыктоо үчүн «ООБА» баскычын басыңыз. Сиздин акча көтөрүүнү тастыктаганга чейин, Сиз акча көтөрүүнү азайтып («-» баскычын басуу менен) же жогорулата («+» баскычын басуу менен) аласыз.
- Сиздин акча көтөрүү тастыкталгандан кийин 5 мүнөткө барабар кайра саноо убактысы иштей баштайт, ал убакыт аяктагандан кийин катышуучулардын эч кимиси андан жогору акчаны сунуштай алышпайт.
Өзгөчө комбинациясы менен номер белгилери боюнча онлайн-аукционду ишке киргизүү тууралуу токтом качан чыккан?
2016-жылдын 5-сентябрындагы №482 «Кыргызстандын өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому.
Аукцион боюнча качан сатып алууга мүмкүн болот?
Токтом күчүнө расмий жарыялангандан кийинки жети күн өткөндөн кийин кирет.
Сертификаттын баасы пластиналарды даярдоого киреби?
Жок.
Сертификатты жоготуп жибердим. Калыбына келтирүү үчүн эмне керек? Каякка кайрылышым керек?
Сертификатты берүү пунктуна паспорт менен (түп нускасы) кайрылуу керек
Аукцион кайсы сайтта?
http://nomer.srs.kg/
Аталышы бар номер белгисин кантип алууга болот?
Аталышы бар номер белгисин алууну каалаган адам, арызын ыйгарым укуктуу органга берет..
Арызга төмөнкү документтер тиркелишет:
Арызга төмөнкү документтер тиркелишет:
- паспорттун көчүрмөсү;
- автотранспорт каражатына карата мамлекеттик каттоо номер белгиси үчүн акы төлөө дүмүрчөгү;
- менчигинде автотранспорт каражаты бар экендигин тастыктоочу документтер.
Аталышы бар номер белгиси канча турат?
Аталышы бар номер белгисинин баасы 100 000 (жүз миң) сомду түзөт.
Мага номерди канча күндө жасап беришет?
Сертификатты алгандан кийин бул адам үч жумуш күнү ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо
департаментинин аймактык түзүлүштөрүнө аталышы бар номер белгисин алуу жана транспорт каражатын
каттоо тууралуу күбөлүктө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныктала турган тартипте белги
коюу үчүн кайрылат.
Аталышы бар номер адамга үч жумуш күнү ичинде берилет.
Аталышы бар номерди берүүдөн кайсы учурда мага баш тартып коюушу ыктымал?
Ыйгарым укуктуу органга кайрылган адамга аталышы бар номер белгисин берүүдөн, төмөнкү учурларда баш тартылат:
- аталышы бар номер белгиси ыйгарым укуктуу органдын маалыматтар базасында сакталат жана башка аталышы бар номер белгилери менен окшоштугу болсо;
- аталышы бар номер белгиси Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын аббревиатураларын камтып турса;
- аталышы бар номер белгиси мамлекеттик каттоо номер белгилери менен окшош болсо;
- жаранда ага менчик укугу боюнча тиешелүү болгон автотранспорт каражаты жок болсо;
Аталышы бар номер белгисине карата коюулуучу талаптар кандай?
Аталышы бар номер белгилери төмөнкү талаптарды сактоо менен даярдалышат:
- аталышы бар номер белгисинин пластинасы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегинин сүрөтү менен ак фондо жасалган болууга тийиш;
- номер сан символдорун (араб) жана латынь алфавитинин башкы тамгаларын камтып турушу мүмкүн;
- номер жок дегенде эки тамганы камтып турууга тийиш, алар аталышы бар номер белгисинин башында жайгаштырылышат;
- аталышы бар номер белгиси экиден кем эмес, бирок жетиден ашык эмес символду камтып турууга тийиш.
Кадамдардын баасы кандай?
Аукциондо 1-позициядан 4-позицияга чейин (аны кошо алуу менен) – 1 кадам 2000 сом өлчөмүндө болот. 5-позиция – 1 кадам 500 сом өлчөмүндө.
Номер белгилерине карата кандай арзандатуулар караштырылган?
Эгерде өзгөчө комбинациясы менен мам.номерлер кайталанган аукциондон кийин 3 айдын ичинде сатылбай турган болсо, андан кийин арзандатылат – 20%. Жана бул сумма ошол бойдон калат. Аны сатуу аукционсуз жүргүзүлөт.
Сертификатка ким кол коет?
КТБларда сертификатка колду – Жетекчи коет
Областтын борборлордогу КТБдан тартып КЭБге чейинки аралык?
- КТБ Ош - 4,8 км - КЭБ г.Ош,
- КТБ Ош - 2,5 км - КЭБ Ош область
- КТБ Узген - 3,0 км - КЭБ Узгенского района
- КТБ Талас – 6 км – КЭБ Талас
- КТБ Нарын – 400 м – КЭБ Нарын
- КТБ Каракол – 1,5 км – КЭБ Каракол
- КТБ Баткен – 900 м – КЭБ Баткен
- КТБ Жалалабад – 7 км – КЭБ Жалалабад
- ОПВРР Сокулук – 3 км – КЭБ Сокулук
- КТБ Токмок – 1 км – КЭБ Токмок
- КТБ Сузак – 12 км КЭБ Жалалабад
- КТБ-Базар-Коргон – 65 км КЭБ Жалалабад
- КТБ- Кызыл-Кия – 2,5 км КЭБ Кызыл-Кия