Call Center: 119
RU

Онлайн-аукциондун порталындагы жеке кабинетте каттоодон өтүү

  • www.e.srs.kg электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынан «Онлайн-аукцион» бөлүмүн тандап алыңыз же www.nomer.srs.kg дареги боюнча кириңиз.
  • Жеке кабинетте каттоодон өтүү үчүн «Каттоо» баскычын басыңыз.
  • «Телефон номери» талаасын тандаңыз жана Сиздин мобилдик телефонуңуздун номерин (XXX)-XXX-XXX форматында көрсөтүңүз. Эскертүү: эгерде Сизде «Элсом» электрондук капчыгыңыз бар болсо, катталуу учурунда мурдатан Сиздин электрондук капчыгыңыз катталган мобилдик телефон номерин көрсөтүңүз.
  • «Паспорттун номери» талаасын тандаңыз жана Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун (ID картынын) сериясын жана номерин ANXXXXXXX форматында көрсөтүңүз. Ошондой эле Сиздин ПИНиңизди (персоналдык идентификациялык номериңизди) көрсөтүңүз. Сиз тараптан мурда көрсөтүлгөн телефондун номерине Сиз онлайн-аукционго андан ары кирүү үчүн сыр сөзү бар SMS-билдирүүнү аласыз.

«Элсом» электрондук капчыгын түзүү

Онлайн-аукциондун порталындагы жеке кабинетте каттоодон өткөндөн кийин, система автоматтык түрдө Сиз тараптан каттоо учурунда көрсөтүлгөн мобилдик телефондун номери менен Сиздин жеке «Элсом» электрондук капчыгыңызды түзөт. Сиз «Элсом» электрондук капчыгынын түзүлгөндүгү тууралуу SMS-билдирүүнү электрондук капчыкка биринчи жолу кирүү үчүн ПИН-коду (4 сан) менен аласыз, андан кийин бул пин-кодду өзгөртүү керек болот. «Элсом» электрондук капчыгынан берилгендиги боюнча сыр сөзү: 123456.

Онлайн-аукционго кирүү

  • Интернет браузеринде nomer.srs.kg дарегин ачыңыз
  • «Телефон номери» талаасын тандаңыз жана Сиз каттоо учурунда көрсөткөн Сиздин мобилдик телефондун номерин (XXX)-XXX-XXX форматында киргизиңиз.
  • «Сыр сөз» талаасын тандаңыз жана онлайн-аукционго кирүү үчүн мурда берилген SMS-билдирүүдөгү сыр сөздү киргизиңиз.

Жеке кабинет

«Аукциондор» бөлүмү утурумдук макамы боюнча бардык аукциондордун тизмесин камтып турат:
процессте / пландаштырылгандар / аякталгандар / алынып салынгандар

«Менин аукциондорум» бөлүмү Сиз аларда катышуучу катары катталган аукциондордун тизмесин, төмөнкү маалыматтарды кенен көрсөтүү менен камтып турат:

  • аукциондун лоту (аймагы, номери, сериясы);
  • аукциондун макамы;
  • онлайн-аукциондун башталган күнү жана убактысы;
  • онлайн-аукциондун старттык баасы;
  • катталган катышуучулардын саны;
  • кепилденген акыны төлөө үчүн коду;
  • кепилденген акы төлөөнү тастыктоо макамы.

Онлайн-аукциондорго катышуу

  • Онлайн-аукционго кириңиз.
  • Аукциондор» бөлүмүнөн пландаштырылган онлайн-аукциондор тизмесинен онлайн-аукционду тандап алыңыз.
  • Тандалган аукционду «Катышуу» баскычын басуу менен тастыктаңыз.
  • Сиз тараптан тастыкталган аукцион «Менин аукциондорум» бөлүмүндө жеткиликтүү болуп калат. Бул бөлүмдөн «Акы төлөө коду» талаасында көрсөтүлгөн, Сиз кепилденген акы төлөөнү киргизүү үчүн колдонушуңуз керек болгон маанини табыңыз.
  • Аукциондун старттык баасынан 10% өлчөмүндөгү кепилденген акы төлөөнү киргизиңиз. Сиз, Сиздин «Элсом» электрондук капчыгыңыздын жардамы менен төлөөнү жүргүзө аласыз (Электрондук капчыкты толтуруу жана онлайн-аукционго төлөө нускамасын караңыз) же болбосо акы төлөө РСК банктын каалагандай бөлүмү аркылуу накталай түрдө жүргүзүлөт (Системада төлөөнү милдеттүү тастыктоо жолу менен).
    Кепилденген акы төлөөнү киргизгенден кийин Сизге Сиздин кепилденген акыңыз төлөнгөндүгүн тастыктоо тууралуу маалыматы бар SMS-билдирүү келет. Сиз тараптан каттоо учурунда көрсөтүлгөн телефон номерине Сиз онлайн-аукциондун башталгандыгы тууралуу эки SMS-билдирүү аласыз: аукцион башталганга чейин бир күн мурун жана бир саат мурун.
  • Онлайн-аукцион өткөрүлө турган күнү Онлайн-аукционго кирүүдө сүрөттөлгөндөй аракеттердин удаалаштыгын аткарыңыз.
  • В разделе «Менин аукциондорум» бөлүмүнөн катталган онлайн-аукциондордун тизмесинен жарыяланган онлайн-аукционду тандаңыз жана онлайн-аукциондун башталышын күтүңүз.
  • Акча көтөрүүнү жасоо үчүн баштапкы номиналды тандап алыңыз да, тастыктоо үчүн «ООБА» баскычын басыңыз. Сиздин акча көтөрүүнү тастыктаганга чейин, Сиз андан айнып кала аласыз, акча көтөрүүнүн өлчөмүн азайта аласыз («-» баскычын басуу менен) же жогорулата аласыз («+» баскычын басуу менен).
  • Сиздин акча көтөрүүңүз тастыкталгандан кийин артка саноо убактысы иштетилет, ал 5 мүнөткө барабар, бул убакыт аяктагандан кийин андан жогорураак акча көтөрүүнү эч ким сунуштай албай калат. Номер белгиси үчүн башка катышуучу тарабынан 5 (беш) мүнөттүн ичинде жогорулатылбаган эң жогорку акча ченин сунуштаган катышуучу, жарыяланган аукциондун жеңүүчүсү катары аныкталат.
  • Эгерде Сиз аукциондун жеңүүчүсү болуп калсаңыз, Сизге 3 (үч) жумуш күнүнүн ичинде сертификаттын баасын (Жеңүүчү тарабынан сунушталган максималдуу акча чени 10% кепилденген төлөөнү чыгарып салуу менен) төлөө зарыл болот. Төлөөнү РСК банктын каалагандай бөлүмүнөн же "Элсом" электрондук капчык аркылуу жүргүзүүгө мүмкүн.
  • Сертификатты алуу үчүн төлөө тууралуу дүмүрчөктү жана Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун (ID-картты) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын төмөнкү даректерде жайгашкан түзүлүштөрүндө көрсөтүңүз:
    • Бишкек ш., Чокон Валиханов көч., 2 (ТКжАККД имараты) жана «РИОМ-Авто» унаа базары;
    • Ош ш., Ленин көч., 318 (КТБ);
    • Баткен ш., Нургазиев көч., 1 (КТБ), Почтанын имараты;
    • Жалал-Абад ш., Барпы Сейил көч., 79Б (КТБ);
    • Нарын ш., Ленин көч., 39 (КТБ);
    • Талас ш., Сарыгулов көч., 28 (КТБ);
    • Каракол ш., Гебзе көч., 124 (КТБ);
    • Сокулук а., Совет көчөсү, 124 ПВКИБнын имараты;
    • Токмок ш., Ленин көч., 375а, Токмок-2 почтасы;
    • Кызыл-Кыя ш., Маяковский көч., 3 Борбордук почта;
    • Өзгөн ш., Ленин көч., 115, ПВКИБнын имараты.
  • Эгерде аукциондун жеңүүчүсү номер белгиси үчүн белгиленген мөөнөттө төлөбөгөн болсо, кепилденген акы төлөө кайтарылбайт, жана жеңүүчү катары эң чоң бааны сунуштаган кийинки катышуучу таанылат
  • Бул катышуучу SMS-билдирүүнү алгандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде номер белгиси үчүн ал тараптан сунушталган, онлайн-аукциондун жүрүшүндө белгиленген бааны 10% кепилденген акы төлөөнү чыгарып салуу менен төлөйт. Эгерде бул сумма көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде төлөнбөгөн болсо, онлайн-аукцион өтпөгөн катары таанылат. Бул учурда онлайн-аукционду өткөрүүнүн жаңы күнү аныкталат.
  • Онлайн-аукциондо жеңип чыга албаган катышуучуларга төлөнгөн кепилдеген акы төлөөлөрү онлайн-аукцион аяктагандан кийинки 6 (алты) жумуш күнү ичинде кайтарылат.
  • Эгерде каттоодон бир гана катышуучу өткөн болсо, онлайн-аукцион өткөрүлбөгөн катары таанылат. Бул учурда онлайн-аукционду өткөрүүнүн жаңы күнү аныкталат.
  • Эгерде онлайн-аукциондун бардык катталган катышуучулары өз акча коюуларын онлайн-аукцион башталгандан кийин 30 мүнөт өткөн учурда сунуштаган эмес болушса, онлайн-аукцион өтпөгөн катары таанылат. Бул учурда онлайн-аукционду өткөрүүнүн жаңы күнү аныкталат.
  • Онлайн-аукционго катышуу үчүн катышуучу Интернеттин үзгүлтүксүз иштөөсүн өз алдынча камсыздоого тийиш болот, катышуучу тарабынан пайда болгон жана аукциондун өчүп калышына алып келген бузуктуктар үчүн, сайттын Администрациясы жоопкерчилик тартпайт. Техникалык бузуктуктар болгон учурда, онлайн-аукцион кайтадан өткөрүлөт, бул тууралуу катышуучуларга алдын ала билдирилген болот.

Сандардын өзгөчө комбинациясы менен мамлекеттик каттоо номер белгилерин аукцион өткөрбөстөн сатуу

  • Тизмектин 6-8 пункттарында көрсөтүлгөн номер белгилери, ошондой эле ассоциативдүү номер белгилери ыйгарым укуктуу орган тарабынан аукцион өткөрбөстөн сатылат.
  • Кааланган номер белгиси кайрылган учурда бар болгон учурда, жаран арызды ыйгарым укуктуу органга берип, акы төлөөнү жүргүзөт. Ассоциативдүү номер белгилеринин баасы 2000 (эки миң) сомду түзөт.
    Жаран арызында сандардын өзгөчө комбинациясы бар кааланган номер белгисинин сатылып жаткан учурдагы мамлекеттик каттоо сериясы менен көрсөтөт.
    Арызга төмөнкүлөр тиркелишет:
    • паспорттун көчүрмөсү (ID-card);
    • номер белгиси үчүн төлөөнү тастыктоочу документ.
    Ыйгарым укуктуу орган адамга сандардын өзгөчө комбинациясы менен номер белгисин сатып алуу фактын тастыктоочу сертификатты берет.
  • Эгерде Тизмектин 1-5 пункттарында көрсөтүлгөн сандардын өзгөчө комбинациясы менен номер белгилери 3 айдын ичинде кайталанып өткөрүлгөн онлайн-аукциондордун жыйынтыктарын боюна сатылган эмес болсо, аларды сатуу баасын Тизмекте белгиленген старттык баасынан 20 пайызга арзандатуу менен онлайн-аукциондорду өткөрбөстөн жүргүзүлөт.
  • Эгерде Тизмектин 6-8 пункттарында көрсөтүлгөн сандардын өзгөчө комбинациясы менен номер белгилери аларды сатыкка койгон күндөн тартып үч ай мөөнөтүндө Тизмекте белгиленген баа боюнча сатылган эмес болсо, алардын баасы 20 пайызга арзандатылат.

Сандардын өзгөчө комбинациясы менен мамлекетик каттоо номер белгилерин берүү

  • Сертификатты алгандан кийин жаран "Унаа" МИ аймактык түзүлүштөрүнө сертификатта көрсөтүлгөн номер белгисин алуу үчүн кайрылат.
  • "Унаа" МИ үч жумуш күнү ичинде номер белгисин сертификатты көрсөткөн адамга берет. Жаран, сандардын өзгөчө комбинациясы менен номер белгисин алган күндөн тартып аны "Унаа" МИ тиешелүү аймактык бөлүмүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тарабынан аныкталган тартипте каттоодон өткөрүүгө жана эсепке алынууга милдеттүү болот.
  • Кеңештерди жана жардам алуу үчүн контакт номерлери:
    119 (чалуу мобилдик байланыштын бардык операторлору үчүн акысыз) – онлайн - аукцион Порталынын иши боюнча чалыңыз;
    + 996 (312) 986 000, www.elsom.kg - «Элсом» электрондук капчыгын пайдалануу боюнча чалыңыз.