Call Center: 119
RU
Артка кайтуу

Автоунаа каражаттары үчүн сандардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышы менен мамлекеттик каттоо белгилеринин күбөлүктөрүн сатууга бөгөт коюу боюнча айрым чаралар жөнүндө


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-апрелиндеги № 205 токтому менен бекитилген Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоо белгилерин сатуу жөнүндө жобого ылайык, транспорт каражаттарынын тийиштүү түрдө сакталышын көзөмөлдөөнү күчөтүү максатында, автоунаа каражаттары үчүн сандардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышы менен мамлекеттик каттоо белгилерине күбөлүктөрдү онлайн-аукцион аркылуу жана аукциоснуз ишке ашырууну буйрук кыламын:

1. Төмөнкүлөр аныкталсын:
1) Жеңүүчү болгон жана цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоо номер белгисинин (мындан ары - мамлекеттик номер) сертификатына жыйынтык бааны 3 жолудан ашык төлөбөгөн онлайн-аукциондун катышуучусу, онлайн аукцион порталында: nomer.srs.kg, 6 (алты) айлык мөөнөткө блокко коюулууга тийиштүү болот.
2) Жеңүүчүдөн кийинки эң жогорку бааны сунуштаган онлайн-аукциондун катышуучусу мамлекеттик номердин сертификаты үчүн өзү сунуштаган бааны төлөбөгөн учурда, бул катышуучу дагы онлайн-аукцион порталында: nomer. srs.kg, 6 (алты ай) мөөнөткө блокко коюлат.
3) Катышуучунун блокко коюлган күндөн тартып 6 (алты) ай өткөндөн кийин онлайн-аукционго катышуусуна жол берилет. Автоунаа номеринин сертификатынын жыйынтык баасын бул катышуучу 3 иреттен ашык төлөбөгөн учурда, катышуучу онлайн-аукционго кийин катышууга укугу жок блокко коюлат.
4) Эгерде адам аукциондон тышкаркы мамлекеттик номерлер үчүн брондолгон сертификаттарды 3 жолудан ашык ирет сатып албаган болсо, анда ал адам nomer.srs.kg онлайн-аукцион порталында 6 (алты) айлык мөөнөткө блокко коюлууга тийиш.
5) Аукциондон тышкаркы номер белгилерин сатып алууга бул адамг, блокко коюлган күндөн тартып 6 (алты) ай өткөндөн кийин уруксат берилет. Аукциондон тышкаркы номер белгилеринин сертификатынын жыйынтык баасы 3 жолудан ашык төлөнбөгөн учурда, адам аукциондон тышкаркы номер белгилеринин сертификаттарын сатып алуу укугусуз блокко коюлууга тийиш.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын 2019-жылдын 28-мартындагы № 43/п «Транспорт каражаттарына номерлердин өзгөчө айкалышы менен мамлекеттик номерлерди көп ирет брондоону жокко чыгаруу боюнча чаралар тууралуу» буйругу;
- «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын 2021-жылдын 13-апрелиндеги No 52/п «Автотранспорт каражаттары үчүн сандардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышы менен мамлекеттик каттоо белгисине сертификаттарды сатууга байланышкан айрым маселелер тууралуу» буйругу.