Call Center: 119
RU

Унаалар үчүн кооз номерлерди сатуу ийгиликтүү башталды

19-сентябрда транспорт каражаттары үчүн сандардын кооз комбинациясы менен мамлекеттик каттоо номер белгилерин сатып өткөрүү башталды.

Сатуу пункттарынын бири жайгашкан МККга караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинде иш башталганга чейин эле таң эртеден тартып өз автоунаасы үчүн өзгөчө номер алууну каалаган адамдардан тирүү кезек тизилип калды. Тартипти камсыздоо жана катышуучулар тарабынан кезекти сактоосу үчүн бардыгына катар номери бар талондор берилген. Ошондой эле сатуу процессинин ачык-айкындыгын камсыздоо максаттарында терезенин алдына монитор орнотулган, бул жерден номерлер үчүн бардык комбинацияларды көрүүгө, ошондой эле айкын убакыт ыргагында сертификаттарды берүүгө көз салуу мүмкүн болду.

Эң көп керектелген номерлер болуп 101, 202, 303, 404, 505, 606, 707, 808, 909, 011, 022, 033, 044, 055, 066, 077, 088, 099, 110, 220, 440, 550, 660, 770, 880, 990 сандарынан турган комбинациялар сатылды. Ошондой эле 5 жана 7 (515, 717, 171, 545 жана башка) сандарынан турган бардык комбинациялар жана Бишкек шаарынын кодун символдоштуруучу 312 комбинациясы дагы көп сатылган. Мында сатып алуучулар үчүн окшош болгон «ААА» тамгаларынан турган номерлер сериясын көрсөтүү дагы абдан маанилүү болгон. Дал ушул серия биринчилерден болуп сатылып кеткен.

Номер сатуунун алгачкы күнүндө сандардын кооз комбинациясы менен номерлерди сатып алууга карата 143 сертификат сатылган. Номерлер республикалык бюджетке түшө турган 570 000 сом суммасына сатылды. Алардын ичинен 119 номер Бишкекте сатылган, Ош ш. – 3, Жалал-Абад областында – 4, Чүй областында – 17.

Жогоруда көрсөтүлгөн номерлердин баасы 2700 сомдон тартып 5000 сомго чейинкини түзөт, бул баа сандардын комбинациясынан жана номеринин сериясынан көз каранды болот.

Эскерте кетүү керек, 21-сентябрга 111, 222, 333, 444, 555 сандарынын өзгөчө комбинацияларынан турган мамномерлерди сатууунун алгачкы онлайн-аукциону пландаштырылган. Андан ары 22-сентябрда: 666, 888, 999 жана 28-сентябрда: 001, 777 номерлери сатууга алынып чыгарылмакчы.

Катышуу үчүн nomer.srs.kg сайтында каттоодон өтүп, кепилденген төлөөнү жүргүзүү зарыл болот.