Call Center: 119
RU

«Инфоком» «VIP 01» жана «LEXUS» аталышы менен номерлерди сатты

«Инфоком» мамлекеттик ишканасы тарабынан бишкек аймагы боюнча ар биринин баасы 100 000 сомду түзгөн «VIP 01» жана «LEXUS» аталышы менен мамномер белгилери сатылып өткөрүлдү, мында белгилеп кетүү керек, аталышы бар номерлерди сатуудан алынуучу бардык сумма республикалык бюджетке которулат.

Аталышы бар номердин ээси болууга каалагандай жаранга мүмкүн болот, ага төлөнүүчү акыны банктын кассасы аркылуу салуу, Транспортту жана айдоочулук курамды каттоо департаментине арыз берүү, ошондой эле өздүк автого карата документтердин бар болушу гана жетиштүү.

Мында аталышы бар белгини даярдоо төмөнкү талаптарды сактоо менен жүзөгө ашырылат:

  • аталышы бар номер белгисинин пластинасы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун сүрөтү менен ак фондо болууга тийиш;
  • номер сан символдорун (араб) жана латынь алфавитинин баш тамгалары камтып турууга тийиш;
  • номер жок дегенде эки тамганы камтып турат, алар аталышы бар номер белгисинин башында жайгаштырылышкан;
  • аталышы бар номер белгиси Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын аббревиатурасын камтыбоого тийиш;
  • аталышы бар номер белгиси өзү менен төмөнкүнү түшүндүрүп турган6 символдордун комбинациясын камтыбоого тийиш:
    • конституциялык түзүлүштү зомбулук менен кулатууга же өзгөртүүгө, Кыргыз Республикасынын жана каалагандай башка мамлекеттин эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузууга, согушту, зомбулукту жана каардуулукту, улуттук, диний өзгөчөлүүлүктү жана башка элдерге жана улуттарга карата чыдамкайсыздыкты жайылтууга карата чакырык;
    • цензуралык болуп саналбаган сөздөр.

Эскерте кетели, 2016-жылдан тартып мамлекеттик номер белгилерин сатып өткөрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп МККга караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасы эсептелет.

Ишкана тарабынан сандардын өзгөчө комбинациясы менен мамномерлерге карата онлайн аукциондорду өткөрүү боюнча долбоор ийгиликтүү ишке ашырылган. Алсак, өткөн убакыт ичинде 9 361 381 сом суммасына 276 аукциондук жана 11 742 160 сом суммасына 3416 аукционсуз номерлер сатылган.

Мамлекеттик ишкана тарабынан каттоо номер белгилерин чыгаруу учурунда мамлекетти бюджетке келип түшүүлөр таза пайданын 91% түзө турганын белгилей кетүү маанилүү.