Call Center: 119
RU

Онлайн-аукцион системасынын конфиденциалдуулук саясаты

Ушул Жеке маалыматтын конфиденциалдуулук саясаты (мындан ары – Саясат) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы (мындан ары – «Инфоком» МИси) ушул саясатка ылайык ал тарабынан берилген колдонуучунун макулдугу менен алынышы мүмкүн болгон маалыматка карата аракетте болот.

«Онлайн-аукцион» Системасын (мындан ары – Система) пайдалануу Колдонуучунун ушул Саясат жана анда көрсөтүлгөн анын жеке маалыматын иштеп чыгуунун шарттары менен сөзсүз макулдугун түшүндүрүп турат; ушул шарттар менен макул болбогон учурда пайдалануучу Системаны пайдалануудан өзүн-өзү токтотууга ийиш болот.

Ушул Конфиденциалдуулук Саясатында төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:

Пайдалануучу – бул, Электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы менен белгиленген тартипте колдонуучу жана жеке мүнөздөгү маалыматын бере турган жеке адам.

Онлайн-аукционжеке адамдарга сандардын өзгөчө комбинациясы менен мамлекеттик каттоо номер белгилерин сатуу методу.

 

1.      Система ала турган жана иштеп чыгаруучу колдонуучулардын жеке маалыматы

1.1. Ушул Саясаттын алкактарында «колдонуучунун жеке маалыматы» катары төмөнкүлөр түшүнүлөт:

Колдонуучу Системада каттоодон өтүү (эсепке алуу жазуусун түзүү) учурунда өзү тууралуу өз алдынча бере турган жеке маалыматты;

Колдонуучу тууралуу аларды топтоо жана/же берүү «Инфоком» МИсинин тиешелүү документтеринде аныкталган башка маалыматтар.

Ушул Саясат Системага карата колдонулушу мүмкүн.

«Инфоком» МИси жалпы учурда Колдонуучулар тарабынан бериле турган жеке маалыматтын аныктыгын текшербейт жана алардын ишке жарамдуулугуна көзөмөлдүк кылууну жүзөгө ашырбайт. Бирок «Инфоком» МИси колдонуучу тастыкталган жана жетиштүү жеке болгон маалыматты каттоо формасында сунушталган суроолор боюнча бере тургандыгына таянат жана бул маалыматты актуалдуу абалда колдоп турат. Анык эмес маалыматты берүүнүн кесепеттери Порталдын Колдонуучулук макулдашуусунда аныкталышкан.

 

2.      Колдонуучулардын жеке маалыматтарын топтоонун жана иштеп чыгуунун максаттары

2.1. Колдонуучунун жеке маалыматын «Инфоком» МИси төмөнкү максаттарда пайдаланууга укуктуу:

·        тарапты «Инфоком» МИси менен түзүлгөн келишимдер жана макулдашуулардын алкактарында идентификациялоо;

·        Колдонуучу менен байланышуу, анын ичинде Порталды пайдаланууга, кызматтарды көрсөтүүгө, ошондой эле Колдонуучудан алынган суроо-талаптарды жана билдирмелерди иштеп чыгууга тиешелүү билдирмелерди, суроо-талаптарды жана маалыматтарды жөнөтүү үчүн;

·        аттары колдонулбай турган маалыматтардын негизинде статистикалык жана башка изилдөөлөрдү жүргүзүү;

·        верификациялоо, башкача айтканда Пайдалануучу тарабынан бериле утрган маалыматтарды тастыктоо.

3.      Колдонуучунун жеке маалыматын иштеп чыгуунун жана аны үчүнчү жактарга берүүнүн шарттары

1.      «Инфоком» МИси Колдонуучулардын жеке маалыматын ички ченемдик акттарына ылайык сактайт.

2.      Колдонуучунун жеке маалыматына карата анын конфиденциалдуулугу сакталат.

3.      Колдонуучулардын жеке маалыматтарын иштеп чыгуу учурунда «Инфоком» МИси «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын жетекчиликке алат.

4.      Порталдын Колдонуучусунун жеке маалыматы, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий жазуу жүзүндөгү кайрылуусунан башка учурларда үчүнчү жактарга берүү жана таркатууга арналган эмес.

4.      Колдонуучулардын жеке маалыматтарын коргоо үчүн колдонула турган чаралар

1.      «Инфоком» МИси Колдонуучунун жеке маалыматын укук ченемдүү эмес же кокусунан алуудан, жок кылуу, өзгөртүү, блокировкалоо, көчүрмөлөө, таркатуудан, ошондой эле үчүнчү жактар тарабынан укук ченемдүү эмес башка аракеттердин болушунан коргоо үчүн зарыл болуучу жана жетиштүү уюштуруучулук жана техникалык чараларды кабыл алат.

 

5.      Конфиденциалдуулук саясатын өзгөртүү. Колдонула турган мыйзамдар

1.      «Инфоком» МИси ушул Конфиденциалдуулук саясатына өзгөртүүлөрдү киргизүү укугуна ээ. Өзгөртүүлөр киргизилген учурларда актуалдуу редакцияда акыркы жаңыртуу күнү көрсөтүлөт. Саясаттын жаңы редакциясы, эгерде башка нерсе Саясаттын жаңы редакциясы менен караштырылбаган болсо, күчүнө ал жайгаштырылган учурдан тартып кирет. Аракеттеги редакциясы төмөнкү дарек боюнча бетте туруктуу режимде жайгаштырылган:

2.      Ушул Саясатка жана Колдонуучу менен «Инфоком» МИсинин ортосунда Конфиденциалдуулук саясатын колдонууга байланыштуу пайда боло турган мамилелерге карата Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдары колдонулууга тийиш.

 

6.      Кайтарым байланыш

 

1.      Ушул Саясатка тиешелүү болгон бардык сунуштарды же суроолорду порталдын администрациясына  колл борбордун 119 тел. номерлерине билдирүү керек болот.