Call Center: 119
RU

Онлайн-аукциондун Колдонуучулук макулдашуу

Ушул Колдонуучулук макулдашуу (мындан ары – Макулдашуу) Колдонуучу менен «Онлайн-аукцион» системасынын Администрациясынын (мындан ары – Система) ортосундагы мамилелерди онлайн аукциондун жардамы менен сандардын өзгөчө комбинациясы менен мамлекеттик каттоо номер белгилерин сатып өткөрүү бөлүгүндө регламенттештирет.

Макулдашуу Системанын кызматтарын сунуштоонун жана пайдалануунун шарттарын жана эрежелерин аныктайт, Макулдашуунун тараптарынын укуктарын жана милдеттенмелерин, ошондой эле Колдонуучунун Системаны колдонуу шарттарын жана эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилигин белгилейт.

 

1.      Ушул Колдонуучулук макулдашууда төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулушат.

Онлайн-аукцион – жеке адамдарга сандардын өзгөчө комбинациясы менен мамлекеттик каттоо номер белгилерин сатуу методу

Колдонуучу Системада каттоодон өткөн жеке адам

Катышуучукаттоодон өткөн жана аукционго өзүнүн катыша тургандыгын тастыктаган жеке адам.

Жеңүүчүонлайн-аукциондо утуп алган катышуучу.

Ыйгарым укуктуу органКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы.

Старттык баа – аукциондо баштапкы катары белгиленген сандардын өзгөчө комбинациясы менен каттоо номер белгисинин баасы.

Аукциондун кадамы – аукциондун жүрүшүндө старттык баа ага жогорулай турган кошумча баа, жана Система тарабынан жарыяланган ар бир кийинки баа

Кепилденген акы төлөө аукциондун старттык суммасынан 10% өлчөмүндө төлөө.

Сертификат – сандардын өзгөчө комбинациясы менен каттоо номер белгисин сатып алууну тастыктоочу белгиленген формадагы документ.

Сертификаттын баасы – Жеңүүчү тарабынан сунушталган максималдуу чен 10 % кепилденген акы төлөөнү чыгарып салуу менен.

Системанын Администрациясы Колдонуучуларга  системаны ушул Колдонуучулук макулдашууда баяндалган шарттарда пайдаланууну сунуштайт. Макулдашуу Колдонуучу тарабынан анын шарттары менен макулдугун билдирген учурунан тартып күчүнө кирет.

 

2.      Колдонуучуну каттоодон өткөрүү. Колдонуучунун эсепке алуу жазуусу

 

2.1. Системадан пайдалануу үчүн Колдонуучуга  каттоожон өтүү жол-жобосунан өтүү керек, анын натыйжасында Колдонуучу үчүн уникалдуу эсепке алуу жазуусу жүргүзүлөт.

2.2. Каттоодон өтүү үчүн Колдонуучу өзү тууралуу анык жана толук маалыматты каттоо формасында сунушталган суроолор боюнча берүүгө жана ушул маалыматты (телефон номери, паспортунун номери жана жеке идентификациялык номери) колдоп турууга милдеттенет.

2.3. Эгерде Колдонуучу туура эмес маалыматты берсе же системанын администрациясында, Колдонуучу тарабынан берилген маалымат толук эмес же анык эместиги тууралуу божомолдоого негиздер бар болсо, анда администрация өз кароосу боюнча Колдонуучунун эсепке алуу жазуусун блокировкалап же өчүрүп салууга жана Колдонуучунун Системадан пайдалануусунан баш тартууга укуктуу.

2.4. Системанын администрациясы каалагандай учурда Колдонуучудан каттоо учурунда көрсөтүлгөн маалыматтардын тастыкталуусун талап кылуу жана ушуга байланыштуу, Администрацяинын кароосу боюнча аларды бербей коюу аныкталбаган маалыматы берүүгө теңдештирилиши мүмкүн болгон жана ушул Макулдашуунун 2.2 пунктунда караштырылган кесепеттерге алып келе турган тастыктоочу документтерди талап кылуу (анын ичинде – инсандыгын тастыктоочу документтерди) укугун өзүнө калтырат. Эгерде ал тараптан берилген документтерде көрсөтүлгөн Колдонуучунун маалыматтары каттоо учурунда көрсөтүлгөн маалыматарга шайкеш келбей турган болсо, ошондой эле, каттоо учурунда көрсөтүлгөн маалыматар Колдонуучуну идентификациялоого мүмкүндүк бербей жаткан учурда, Администрация Колдонуучуга эсептик каттоо жазуусуна кирүүсүнөн жана Порталды пайдалануусунан баш тартууга укуктуу. Сиз тараптан көрсөтүлгөн маалыматтар Сиздин жеке электрондук капчыгыңызды түзүү үчүн жана акы төлөнгөндүгүн тастыктоо үчүн пайдаланылат.

2.5. Колдонуучунун эсепке алуу каттоосунда камтылган Колдонуучунун персоналдык маалыматы Администрация тарабынан Конфиденциалдуулук саясатынын шарттарына ылайык сакталат жана иштелип чыгарылат.

2.6. Каттоо учурунда Колдонуучу ага системага кирүү үчүн сыр сөзү менен смс-билдирүү келе турган телефон номерин көрсөтөт. Телефондун бул номери Системага кирүү үчүн логин болот.

2.7. Колдонуучу өз алдынча өзүнүн сыр сөзүнүн конфиденциалдуулугун камсыздоосу үчүн жоопкерчилик тартат. Колдонуучу, Колдонуучунун эсепке алуу каттоосу менен Порталды пайдалануудагы жана анын алкактарындагы бардык аракеттер (ошондой эле алардын кесепеттери) үчүн, анын ичинде Колдонуучу тарабынан Колдонуучунун эсепке алуу жазуусуна кирүү үчүн маалыматтарды өз ыктыяры менен үчүнчү жактарга каалагандай шарттарда (анын ичинде келишимдер жана макулдашуулар боюнча дагы) берүүсүн кошо алуу менен өз алдынча жоопкерчилик тартат. Мында Колдонуучунун эсепке алуу каттоосу алдында Системадагы бардык аракеттер, качан Колдонуучу ушул Макулдашуунун 2.7 пунктунда караштырылган тартипте Администрацияга Колдонуучунун эсепке алуу каттоосуна санкцияланбаган кирүү жөнүндө жана/же өз сыр сөзүнүн конфиденциалдуулугун каалагандай бузуулар (бузуу тууралуу шектенүүлөр) жөнүндө билдирген учурлардан башка учурларда, Колдонуучунун өзү тарабынан жүргүзүлгөн катары эсептелишет.

2.8. Колдонуучу Администрацияга Колдонуучунун эсепке алуу каттоосуна санкцияланбаган (Колдонуучу тарабынан уруксат берилбеген) кирүүнүн каалагандай учуру жана/же өзүнүн сыр сөзүнүн конфиденциалдуулугунун каалагандай бузулушу (бузулушу жөнүндө шектенүүлөр) тууралуу токтоосуз билдирүүгө милдеттүү.

2.9. Коопсуздук максаттарында Колдонуучу өзүнүн эсепке алуу жазуусунун алдында ишти коопсуз аяктоону («Чыгуу» баскычы) Системада иштөөнүн ар бир сессиясынын аяктоосу менен өз алдынча жүзөгө ашырууга милдеттүү. Администрация Колдонуучу тарабынан Макулдашуунун ушул бөлүгүнүн жоболорун бузгандыгы үчүн болушу мүмкүн болгон маалымататрды мүмкүн болгон жоготуу же бузуп алуу. Ошондой эле каалагандай мүнөздөгү башка кесепеттер үчүн жоопкерчилик тартпайт.

2.10. Колдонуучу тарабынан өзүнүн эсепке алуу жазуусун пайдалануусу. Колдонуучу аларды алууга, кайталоого жана көчүрмөлөөгө, сатууга жана кайра сатууга, ошондой эле кандайдыр-бир коммерциялык максаттарда пайдаланууга укуксуз.

 

3.      Кепилдиктердин жоктугу, жоопкерчиликти чектөө

 

3.1. Администрация системаны пайдалануунун кесепетинен болгон чыгаша тартуулардын каалагандай түрү үчүн жоопкерчилик тартпайт.

3.2. Администрация Колдонуучу тарабынан өзүнүн персоналдык, анын ичинде каттоо маалыматтарын үчүнчү жактарга бергендиги жана таркаткандыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт.

3.3. Администрация Колдонуучунун системада иштөө учурундагы, анын ичинде үчүнчү жактарга берилген каттоо учурундагы аракеттери же аракеттенбөсү үчүн жоопкерчилик тартпайт.

3.4. Онлайн аукционду өткөрүү учурунда Катышуучуга үзгүлтүксүз интернет байланышты өз алдынча камсыздоо зарыл болот. Катышуучу тараптан пайда болгон жана аукциондон өчүп калууга алып келген бузуктуктар үчүн, Системанын Администрациясы жоопкерчилик тартпайт. Онлайн аукцион учурундагы сайттын иштеринде бузуктуктар пайда болгон учурда, соодалашуулар кайталанып өткөрүлөт, бул тууралуу катышуучуларга алдын ала маалымат берилет.

 

4.      Башка шарттар

4.1. Аукциондорго катышуу үчүн Колдонуучуга аукциондун старттык баасынан 10% өлчөмүндө кепилденген акыны төлөө зарыл болот. Акы төлөө Сиздин «Элсом» электрондук капчыгыңыздан жүргүзүлөт. Же болбосо накталай түрдө РСК банктын каалагандай бөлүмү аркылуу (Системада акы төлөнгөндүгүн милдеттүү тастыктоо менен) жүргүзүлөт.

4.2. Эгерде Сиз аукциондун жеңүүчүсү болуп калсаңыз, Сизге үч жумуш күнүнүн ичинде Сертификаттын баасын төлөө зарыл болот.

4.3. Төлөөнү KICB банктын, же РСК банктын каалагандай бөлүмүнөн жүргүзүүгө мүмкүн болот.

4.4. Сертификатты алуу үчүн төлөө тууралуу дүмүрчөктү жана Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун (ID-картты) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын төмөнкү даректерде жайгашкан түзүлүштөрүндө көрсөтүңүз:

 

  • г. Бишкек, ул. Чохана Валиханова, 2а (здание ДРТСиВС) и авторынок «РИОМ-Авто»;
  • г. Ош ул. Ленина, 318 (ЦОН);
  • г. Баткен ул. Нургазиева, 1 (ЦОН) здание Почты;
  • г. Джалал-Абад ул. Барпы Сейил, 79Б (ЦОН);
  • г. Нарын ул. Ленина, 39 (ЦОН);
  • г. Талас ул. Сарыгулова, 28 (ЦОН);
  • г. Каракол ул. Гебзе, 124 (ЦОН);
  • с. Сокулук ул. Советская, 124 здание ОПВРР;
  • г. Токмок ул. Ленина, 375а почта Токмок-2;
  • г. Кызыл-Кия ул. Маяковского, 3 Центральная почта;
  • г. Узген ул. Ленина, 115 здание ОПВРР.

4.5. Эгерде аукциондун жеңүүчүсү номер белгиси үчүн белгиленген мөөнөттө төлөбөгөн болсо, кепилденген акы төлөө кайтарылбайт, жана жеңүүчү катары эң чоң акча ченин сунуштаган кийинки катышуучу таанылат. Бул катышуучуга сунуш киргизүү менен билдирме келет.

4.6. Бул катышуучу смс-билдирүүнү алгандан кийинки үч жумуш күнү ичинде өзүнүн максималдуу акча ченин 10% кепилденген акы төлөөнү чыгарып салуу менен төлөйт. Эгерде бул сумма көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде төлөнбөгөн болсо, онлайн-аукцион өтпөгөн катары таанылат. Бул учурда онлайн-аукционду өткөрүүнүн жаңы күнү аныкталат.

4.7. Онлайн-аукциондо жеңип чыга албаган катышуучуларга төлөнгөн кепилдеген акы төлөөлөрү онлайн-аукцион аяктагандан кийинки үч жумуш күнү ичинде кайтарылат.

4.8. Эгерде бир гана катышуучу каттоодон өткөн болсо, онлайн-аукцион өткөрүлбөгөн катары таанылат. Бул учурда онлайн-аукционду өткөрүүнүн жаңы күнү аныкталат.

4.9. Эгерде онлайн-аукциондун бардык катталган катышуучулары өз акча көтөрүүлөрүн аукцион старт алгандан кийин 30 мүнөт өткөн учурда сунушташпаган болсо, аукцион өтпөгөн катары таанылат. Бул учурда онлайн-аукционду өткөрүүнүн жаңы күнү аныкталат.

4.10. Онлайн-аукционго катышуу үчүн белгиленген тартипте каттоодон өтпөгөн жана онлайн-аукционго катыша тургандыгын сандардын кааланган комбинациясынын старттык баасынан 10% өлчөмүндө кепилденген акыны «Инфоком» МИсинин эсебине төлөө жолу менен тастыктабаган жаран, аукционго катышууга киргизилбейт.

4.11. Сертификат боюнча мамлекеттик каттоо номерин тариздетүү жарандын катталган жерине ылайык жүргүзүлөт.

 

Колдонуучу, ушул Макулдашуунун бардык пункттары менен таанышкандыгын жана аларды кабыл ала тургандыгын тастыктайт.